Беларус президенти Александр Лукашенко украин президенти Петро Порошенко менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Киевге келди. 21-июлда президенттик администрация имаратынын алдында эки лидердин расмий жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин президенттер маалымат жыйынын өткөрүшмөкчү.
Порошенко менен Лукашенко эки тараптуу кызматташтыктан тышкары Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө.
Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин кармашын токтотуу үчүн Беларустун ортомчулугу менен 2014-жылы Минск келишими түзүлгөн. Бирок бул келишим аткарылбай келет.
Үч жылдан ашуун убакыттан бери токтобой келаткан куралдуу кагылышуулар баш-аягы 10 миңдей кишинин өмүрүн алды.