Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:56

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерликке арыз бергендердин саны 37ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды. Акыркылардан болуп “Ата-Журт” партиясынан Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана өзүн-өзү көрсөткөн укук коргоочу Токтоайым Үмөталева арыз тапшырган.

Талапкерликке арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 7си саясий партиялардан сунушталган. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынып, акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG