Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Президент Трамптын маалымат катчысы кызматынан кетти


АКШ АК Үйүнүн мурдагы маалымат катчысы Шон Спайсер. 17.7.2017. AFP.
АКШ АК Үйүнүн мурдагы маалымат катчысы Шон Спайсер. 17.7.2017. AFP.

АКШ президенти Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер жума күнү кызматынан кетти. Ал мындай чечимди президент Трамп финансист Энтони Скарамуччини коомчулук менен байланыш бөлүмүнө башчы кылып дайындагандан соң кабыл алган.

"Нью Йорк Таймс" басылмасынын айтымында, Скарамуччинин бул соңку дайындалышын Спайсер мырза "жаңылыштык" катары кабыл алган.

Спайсер өзү "маалыматтар менен элдин башын адаштырат" деп сынга кабылып келген.

Спайсердин кызматтан чегиниши АКШ Конгресси менен Юстиция министрлиги президент Трамтын тегерегиндеги адамдардын былтыркы президенттикке шайлоо учурундагы Орусия менен байланышын иликтеп жаткан учурга туш болду.

XS
SM
MD
LG