Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл курултайы жыйынынын мурдагы башчысы Иван Белековду кабыл алды. Жолугушуу Чолпон-Атадагы резиденцияда болуп, Кыргызстан менен Алтайдын мындан аркы маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды.
Иван Белеков Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өткөн “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келген. (UEz)