Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Баткендеги Айдаркен сымап комбинаты инвесторлор менен иштешет.

Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Мамлекеттик ишканалардын жеке тараптар менен өнөктөштүгү токтомуна ылайык, акыркы эки жылдан бери иши токтоп калган “Айдаркен сымап” ачык акционердик коому “Север Сталь” жоопкерчилиги чектелген коому менен кызматташуу келишимин түздү.

Кыргызстандык “Север Сталь” компаниясы комбинаттын утурумдук чыгымдарын төлөө менен жер астындагы шахталардагы суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча шаймандарын орнотуу, кен казууну жандантуу планын ишке ашыра баштады. Айдаркен сымап комбинатында 2009-жылы авариялык абал түзүлүп, кен казуучу жайды суу баскан. 2010-жылдан баштап иш солгундап, жумушчулардын саны азайып, эки жыл мурда комбинат ишмердүүлүгүн токтоткон. Мекеменин карызы 90 млн сомдон ашкан. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG