Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Пентагон: Ооганстандагы полиция кызматкерлери жаңылыштыктан өлдү


Ооганстандагы Гилменд провинциясында АКШ аба күчтөрүнүн жаңылыш соккусунан улам 16 полиция кызматкери курман болуп, эки жай тургун жараат алды. Бул тууралуу расмий Пентагон жана ооган бийликтери билдиришти.

Пентагон 21-июлдагы жаңылыш авиасокку ооган коопсуздук күчтөрүнүн өлүмүнө себеп болгонун ырастады.

Ооган күчтөрү эл аралык коалициянын аба күчтөрү менен Гилменд провинциясындагы талиптер көзөмөлдөгөн аймактарды алуу аракетин көрүп келет. 22-июлда Түндүк Бадахшан провинциясынын губернатору талиптер менен болгон салгылашта дагы 11 киши мерт кетип, алтоо жараат алганын билдирди. Губернатордун маалыматы боюнча дагы 20 жергиликтүү полиция кызматкеринин кабары чыкпай жатат. Аталган район тоолуу болгондуктан телефон байланышы жок.

XS
SM
MD
LG