Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Ысык-Көлдө эл аралык форум жыйынтыкталды


Форумдун президент Алмазбек Атамбаев баштаган катышуучулары. 21-июль, 2017-жыл
Форумдун президент Алмазбек Атамбаев баштаган катышуучулары. 21-июль, 2017-жыл

Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык форуму жыйынтыкталып, жети бөлүктөн турган декларация кабыл алынды.

Декларацияда негизинен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Алтайда Алтай цивилизациясы тарыхый- маданий борборун түзүү жана Бишкек шаарында Алтай цивилизациясын изилдөө иниституту" эл аралык илимий - изилдөө борборун уюштуруу идеясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү айтылган. Ошондой эле алтай тектүү элдердин тарыхын, маданиятын, тилин изилдөө иштерин өнүктүрүү үчүн бул форумду жылына Кыргызстанда өткөрүп туруу сунушталды.

Талкууга он мамлекеттен келген он тогуз алтай тектүү элдердин жүзгө чукул окумуштуусу катышты. Президенттин кеңешчиси Мира Карыбаеванын айтымында, форумга өкмөттүн бюджетинен каражат жумшалган эмес. Иш-чара жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

“Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин” форуму 20-июлда башталган. Үч күнгө созулган иш-чара 23-июлда соңуна чыкты. (Za/TSh)

XS
SM
MD
LG