Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Москвада "Интернет эркиндиги үчүн" акциясы өтөт


Бүгүн Москва шаарындагы уруксат алынган маршка 10 миң киши катышаары болжолдонууда. Активисттер бийликтин интернетке чектөөлөрдү киргизгенине нааразы болушууда. Уюштуруучулардын айтымында, акциянын максаты интернеттеги цензураны жана социалдык тармактардагы “репост, лайк” үчүн козголгон кылмыш иштерди токтотууга чакыруу. Ошондой эле жүрүштүн катышуучулары Роскомнадзордун жетекчиси Александр Жаровдун кызматтан кетишин талап кылышат.

9-июлга пландалган акцияга шаар бийлиги Президенттин кубогуна арналган футболдук беттештер учурунда президенттин жүрүштөргө тыюу салган буйругуна ылайык уруксат берген эмес.

18-июлда Freedom House укук коргоо уюму Орусия интернеттеги сөз эркиндигине катаал чектөөлөрдү киргизип жатканын маалымдаган. Эл аралык уюм 2012-жылдан бери өлкөдө социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн ондогон адамдар кылмыш жообуна тартылганын белгилейт. Экстремизмге каршы күрөш деген жүйө менен жүздөгөн интернет сайттар тосмолонгон.

Орусиялык “Сова” маалымат-аналитикалык борборунун маалыматында, 2015-жылы “экстремисттик" деген берене боюнча 216 социалдык тармактын колдонуучусу айыпталган. Ал 2010-жылы мындай 30 гана учур катталган. 2015-жылдан 2017-жылга чейин интернеттеги билдирүүлөр үчүн абакка түшкөндөрдүн саны 54 адамдан 94кө көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG