Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Кыргыз дзюдочулары Прагада Европа кубогу үчүн ат салышууда


Кыргызстандын 18 жашка чейинки дзюдочулары (юниорлор) Азиядан келген жалгыз курама команда катары Чехиянын борбору Прагада Европанын дзюдо кубогу үчүн күч сынашууда.

Ишемби күнү башталып жекшембиде (23-июлда) жыйынтыктала турган мелдешке алты кыргыз дзюдочусу катышууда. Алар: Богдан Филлипов (73 kg), Тамирлан Исмаилов (90 kg), Болот Канатбеков (81 kg), Эрлан Шеров (81 kg), Чолпон Бектенова (57 kg), Дарья Тимофеева (78 kg).

Турнирдин расмий сайты кабарлагандай, Европадагы жаштар арасындагы негизги дзюдо мелдешине 27 өлкөдөн 308 спортчу келген. Бул мелдешке Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана катышууда. Басымдуу бөлүгүн европалык спортчулар түзгөн бул турнирге Океания дзюдо федерациясынын атынан Австралиянын, Панамерика конфедерациясынан АКШнын өкүлдөрү келген.

Кыргыз спортчулары былтыр да бул мелдешке келип, күч сынашып кетишкен.

XS
SM
MD
LG