Кисляк бул орунда тогуз жылдан бери иштеп келген. Эми анын ордун тышкы иштер министринин куралсыздандыруу сууроолору боюнча орун басары Анатолий Антонов алмаштырат.
Сергей Кисляк Дональд Трамптын айланасындагы адамдардын Орусия менен байланышын, Москванын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүн териштирүүлөрдө көбүрөөк аты чыккан фигура болуп келген.
Трамптын кеңешчиси Майкл Флинн Орусиянын элчиси менен жолукканы жана сүйлөшкөнү белгилүү болгондон кийин кызматтан кеткен.
Ал эми АКШ баш прокурору Жефф Сешнсти Кисляк менен жолушуусун жашыргандыгы үчүн айыпташкан. Кремль өзүнө карата айтылган бардык күмөн саноолорду четке кагып келет. (TSh)