24-июлда Кыргызстандын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;
24-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° жылуу болушу күтүлөт.