Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Ооган талиптери эки районду басып алганы кабарланууда


Ооганстан (сүрөттүн окуяга тиешеси жок)
Ооганстан (сүрөттүн окуяга тиешеси жок)

22-23-июлда Ооганстандын түндүк жана борбор бөлүгүндөгү райондорун "Талибан" экстремисттик кыймылы басып алганы кабарланды. Фарьяб провинциясынын полиция өкүлү Абдул Карим Юрештин айтымында, жоочулар Кохистан районун, андагы жергиликтүү бийликтин имаратын да ээлешкен. Андан мурда Тейвара району экстремисттердин колуна өткөн.

Ошол эле учурда Коргоо министрлиги эки райондо тең уруш жүрүп жатканын кабарлап, басып алды деп айтуу эрте экенин билдирет.

Юрештин айтымында, коопсуздук күчтөрү жана полиция Түркмөнстанга жакын аймактагы сегиз райондо "Талибан" менен салгылашууда.

Ооган талиптери быйыл жазда чабуулдарын кайрадан күчөтүп, бир нече ирет жардырууларды уюштурган жана калктуу пункттарга чабуул коюуда.

XS
SM
MD
LG