Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Германияда жоголгон кыз Ирактан табылды


Мосулдагы террорчулар жардырган Аль-Нури мечити.
Мосулдагы террорчулар жардырган Аль-Нури мечити.

Өткөн жылы жоголуп кеткен германиялык 16 жаштагы Линда аттуу кыз Ирактын Мосул шаарынан табылды. Бул тууралуу Дрезден шаарынын прокуроруна таянып Associated Press жазды.

Прокурор Лоренц Хаазе өспүрүм жоочулардын катарында согушкан-согушпаганын тактаган жок. "Кыз бир жылдай мурда Стамбулга барган дегенден ары биздин маалыматыбыз үзгүлтүккө учурап атат" деп түшүндүрдү ал.

Ирак өкмөтү Мосулду "Ислам мамлекети" террор тобунан бошоткондон кийин бир нече чет өлкөлүк аял-согушкерлер кармалган. Ошондо ирак аскерлеринин курчоосунда өңдөн азып, кыйналган кыздын сүрөтү интернетке тарап, айрымдар аны Линда деп таанышкан.

"Ислам мамлекети" террор тобу өспүрүмдү интернет аркылуу азгырганы кабарланат. Линдадан тышкары да социалдык түйүндөр аркылуу жүздөгөн германиялыктар террорчуларга азгырылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG