23-июлда АКШнын Сан-Антонио шаарында токтоп турган жүк унаасынан сегиз кишинин сөөгү табылды.
Жергиликтүү полиция алар өлкөгө аткезчилик жол менен киргизилген, адам сатуунун курмандыктары болушу мүмкүн деп болжоп жатат.
Жалпысынан жүк унаасынын ичинен 38 адам куткарылган. Алардын кеминде жыйырмасы оор жана өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Унаанын айдоочусу кармалган, ал эми башка шектүүлөр полиция келген убакта качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азырынча жабыркагандар кайсы өлкөнүн жарандары экени тактала элек. Бирок Сан-Антонио шаары Мексикага жакын.