Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Олжобай Шакир: Атеисттик көз карашым үчүн коркуткандар болууда


Жазуучу Олжобай Шакир.
Жазуучу Олжобай Шакир.

"РухЭш" сайтынын ээси, таанымал жазуучу Олжобай Шакир өзүнүн атеисттик көз карашы үчүн Фейсбуктан анын өмүрүнө коркунуч келтирген жорумдар жазылып жатканына кабатырланып, Кыргызстандын президентине, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) баштаган күч кызматтарына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына да маалымдап, УКМКга расмий арыз менен 24-июлда кайрылаарын да билдирди:

- Мен расмий да кайрылам. Бирок мындай "баш кесер" чакырыктар социалдык тармактарга жарыяланып, таратылып жатканына коопсуздук кызматы көңүл бурууга тийиш. Анткени, соцтармактар коомчулукта активдүү роль ойнойт. Ал жактан маалымат алгандар көп. Демек, мындай деңгээлдеги чакырыктарга менин арызымды күтпөй эле, коопсуздук кызматтары көңүл бурушу керек.

Олжобай Шакир айрым динчилдердин чектен чыгуусуна мамлекет жол берип жатат деп кошумчалады.

Олжобай Шакирдин "Куюн доор" китеби.
Олжобай Шакирдин "Куюн доор" китеби.

Жазуучу-блоггер Олжобай Шакир Фейсбукта шаар жергесинде азандын өзгөчө катуу доош менен жаңыртылып чакырылышына каршы билдирген жекече жоруму үчүн жакында коркутуп-үркүтүүлөр болгонун жазып чыкты. Ал гана эмес интернеттеги коомдук тармактын бир пайдалануучусу өз оюн эркин билдирген бул кыргыз жазуучусунун "башы үчүн акча сайганы" тууралуу маалымат жарыяланып, кызуу талкуу бутасына айланды.

Бул окуя боюнча азырынча УКМКдан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Мындан мурда УКМК соцтармактарда бийликти сындаган пикир жазганы жана китебинде диний маселелерге кайрылгандыгы үчүн айрым жарандарды суракка чакырганы белгилүү.

Баш мыйзамга ылайык, пост-советтик Кыргызстан секулярдык (б.а. дин мамлекеттик башкаруудан ажыратылган) жумурият болуп саналат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG