Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Бүгүн мурунку баш прокурор Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова сотто.
Аида Салянова сотто.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү өткөн жума күнү болбой калып, 24-июлга жылдырылган. Ага адвокат Чынара Жакупбекованын ооруп калганы себеп болгон.

Чынара Жакупбекова “Ата Мекен” партиясынын кылмыш иштери козголгон депутаттары Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын жактоочусу.

Салянованын иши боюнча 17-июлдагы отурумда адвокаттар башкы күбөнү - юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

Аида Саляновага 2010-жылы Кыргызстандын юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү саналган ишкер "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Аида Салянова муну четке кагып келет.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту кароодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG