Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча 26 өрт кырсыгы катталды. Анын сегизи Бишкекте, ону Чүй облусунда, үчөө Талас, экөө Ысык-Көл, экөө Ошто, бирөө Баткен облусунда орун алды.

23-июлда эртең мененки саат 07:00 чамасында Бишкектин Горький-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Инферно” интернет клубунда өрт чыккан. Андан клубдун ичинде жайгашкан “Фаст Фуд” кафеси жана жакын жайгашкан “Лион” бут кийим сатуучу дүкөнүнө зыян келген. Клубдун чатырлары жана дүкөн ичиндеги бут кийимдер, компьютерлер күйүп кеткен.

Куткаруучулар өрт чыккан имараттын ичинен эки адамды куткарышкан. Өрт алты жарым сааттан кийин өчүрүлгөн. Келтирилген чыгымдар жана тилсиз жоонун себептери такталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG