Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл жээгинде маалымат жыйынын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, жыйынды интернетте түз алып көрсөтүүгө уруксат берилген жок. Атамбаев галстуксуз келип, брифинг бейформал тартипте өтүүдө.
Чолпон-Ата шаарындагы резиденциядагы жыйынга жалпы 70тен ашык журналисттер жана саясат таануучулар, талдоочулар чакырылган.
Быйыл президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Атамбаев соңку үч жылдан бери жайкы маалымат жыйынын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп келет. Ал бүгүн мамлекет башчысы катары жайкы брифингди акыркы жолу өткөрүп жатканын, 1-декабрга чейин жаңы президент шайланышы мүмкүндүгүн айтты.
Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. (NT/BkA)