Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Атамбаев: бийликти тынч жол менен өткөрүүгө кепилдик берем


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, эгер кимдир-бирөө шайлоодон пайдаланып, чыр чыгаруу аракетин көрсө жазасыз калбайт.

Президент ошол эле маалда шайлоо кандай болбосун, анын жыйынтыгын таануу зарылдыгын, бюллетендерди мыйзамдуу жол менен санап, ачык шайлоо өткөрүү убадасын берди.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда соңуна чыгат. Ал эми президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG