Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Аида Салянованын соту 28-июлга жылды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын соту 28-июлга жылды. Мындай чечимди ишти карап жаткан Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калганына байланыштуу кабыл алды. Жараянда судья адвокат дале дарыланууда жүргөнүнө нааразылык билдирди. Мамлекеттик айыптоо тарап дагы актоочулар териштирүүнү атайылап создуктуруп жатат деп айтышты.

Муну менен айыпталуучу тарап макул болгон жок. Жыйынтыгында сот жума күнү уланмай болду.

21-июлда сот ушундай эле негизде бүгүнкүгө которулган.

Аида Саляновага 2010-жылы Кыргызстандын юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү саналган ишкер "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Депутат муну четке кагып келет. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту териштирип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG