Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Аида Салянованын соту 24-июлга жылдырылды


Аида Салянова. 29.5.2017.
Аида Салянова. 29.5.2017.

Мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген сот 24-июлга жылдырылды. Ага адвокат Чынара Жакупбекованын ооруп калганы себеп болду.

Жакупбекова “Ата Мекен” партиясынан айыпталып, сот иши жүрүп жаткан Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага адвокаттык кылып келет. Ал буга чейин Ө.Текебаевдин иши каралып жатканда соттук териштирүүнүн убактысын кайра карап, жылдырууну өтүнгөн. Сот аны канааттандырган эмес.

17-июлдагы отурумда адвокаттар Саляновага каршы козголгон кылмыш ишиндеги башкы күбө, юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеваны чакыруу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

Аида Саляновага 2010-жылы Кыргызстандын юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурда Максим Бакиевге өнөктөш болгон деп шектелген ишкер "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Аида Салянова муну четке кагып келет.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту ар аптанын жума күндөрү териштирип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG