Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Салянова: Качпайм. Актыгымды далилдейм


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянова өзүнө каршы козголуп, тергелип жаткан кылмыш иштин акыркы жагдайлары тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Аида айым, Улуттук коопсуздук комитетинин 1-февралдагы сурагынан чыккандан кийин тергөө купуялуулугун сакташым керек деп, журналисттердин суроолоруна жооп берген жоксуз. Бүгүн “Азаттыктын” тергөөгө байланышкан бардык суроолоруна жооп бересизби же УКМК алдындагы убадаңыз күчүндөбү?

Салянова: Мыйзамды сыйлаган адам катары козголгон кылмыш иштин кайсы жагы купуя турат же ачыкка чыкты деп, маалымат каражаттарына анализ жүргүздүм. Бийликке жакын массалык маалымат каражаттары, мисалы, “Вечерний Бишкек” гезити байма-бай маалымат берип турат экен. УКМКдан, прокуратурадан алып чыгарып турса керек. Купуя сыр катары сактай турган деле эч нерсе калбаптыр.

“Азаттык”: Анда айтсаңыз, Максим Бакиевдин жакын санаалашы саналган Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө кандай жүрүп жатат?

Салянова: Эки сурак болду. Биринчиси – күбө катары, экинчиси – шектелген адам катары. Ортосундагы бир жарым ай аралыгында эксперттер, юристтер көптөгөн корутундуларды берип жатышты. Бирок, экинчи жолу деле биринчи жолу берилген суроолордун токсон пайызы кайра берилди. Демек, өкүнүчтүүсү, юрист, тергөөчү тарабынан эч кандай анализ болгон эмес. Бул опурталдуу маселе да. Бирок, кылмыш иши кандай ой менен козголсо, ошол бойдон эле калыптыр, коомчулуктун пикири деле аны өзгөртө албаптыр деп ойлодум.

Кылмыш ишин козгоо тууралуу Жолдубаеванын (башкы прокурор – ред.) токтому 26-декабрда чыккан. Токтомдо Елисеев Салянова берген лицензиянын негизинде Латвияда фирма ачкан, иштегенине, жашаганына шарт түзүп берген деп айтылат. Биз алган алгачкы электрондук расмий маалымат боюнча Елисеев фирмасын апрелдин аягында түзгөн, лицензияны июндун аягында алган. Бул фальсификация эмеспи? Адвокатым сураса прокуратура 26-декабрда ишти козгоп коюп, анан 28-декабрда Латвияга маалымат сурап кат жолдогон экен. Бул мыйзамсыз, туура эмес нукта кетип бараткан тергөө.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев Латвиядагы кесиптештерибизге кайрылган. Алар мыйзамыбыздагы талаптардын ичинде фирма ачканга, жашаганга Кыргызстандын лицензиясы болсун деген талап жок деп жооп беришти.

Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Экинчи маселе, бизге “Адвокат жөнүндө” мыйзамды колдонушуңар керек болчу деген доомат коюп жатышат. Биз ал (Елисеев – ред.) ошол мезгилде адвокат эмес, мамлекеттик кызматкер болчу, ошондуктан, адвокат катары эмес, мамлекеттик кызматкер катары кылмыш жообуна тартылышы керек деп атабыз.

“Азаттык”: Сиз төрт сааттай суракта болдуңуз. УКМКны кандай суроолор кызыктырды?

Салянова: Мен “Вечерний Бишкектин” мисалында эле айтайын. Анда Елисеев ЦАРИИде иштеген, Бакиевдин жакын адамы болчу, ошондой адамга эмне үчүн лицензия берилиши керек деген маани берилип атат. Биринчиден, биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Укук кызматкерлери айрыкча, саясатка таянбашы керек. Аны түшүнбөй атышат. Эгер, ЦАРИИ десек, анда иштегендердин дээрлик көпчүлүгү бүгүн чоң кызматтарда жүрүшөт. Коргоо кеңешин, президенттик аппаратты алсак, Сапар Исаков, Алмаз Үсөнов, Илим Карыпбеков... Мен аларды жаман иштеп атат дебейм, бирок, эмне үчүн кош стандарттуу мамиле болуп атат?

Курманбек Бакиев түзгөн президенттик катчылыкта иштеген кызматкерлер.
Курманбек Бакиев түзгөн президенттик катчылыкта иштеген кызматкерлер.

“Азаттык”: Елисеевдин лицензиясын узартпай койсо болот беле?

Салянова: Ар бир иштин мыйзамдагы жолу бар. Лицензияны жандандырууга келгенде мыйзамда бир да норма жок экен. Демек, автоматтуу түрдө жүргүзүлөт деген сөз. Ал лицензия боюнча деле жандандырбай коюуга болбойт деп, процедура боюнча мага орун басар тиешелүү башкармалык аркылуу буйрук даярдап келип атат. Мыйзам ошондой болуп атса жандандырбай кое албайм да. Анда да Салянова укугунан ашыкча пайдаланып атат деп, эртең маселени бирөө көтөрүп чыкмак.

“Азаттык”: Сурак учурунда тергөөчүлөр адвокат Елисеевдин лицензиясын узартуудан мамлекетке же кээ бир башка тараптарга зыян келгени тууралуу түшүндүрүштүбү же саясий эле өңүтүнө байланыштырылдыбы?

Салянова: Саясат деп айтышпайт, бирок, козголгон кылмыш иштин мүнөзүнөн саясат экенин билесиң да. Эми алар деле түшүнүп турушат, бирок, буюртманы аткарышы керек болуп атат.

Сурооңузга байланыштуу: Жогорку Сот 2016-жылы марттагы пленумунда ушул мага коюлуп аткан 304-беренеге түшүндүрмө чыгарган экен. Ал токтомдо бул берене боюнча материалдык курам, башкача айтканда кесепет болушу керек, андай болбосо дисциплинардык гана чара жөнүндө кеп болот деп айтылат.

“Азаттык”: Акыркы жолу тергөөчүнү ушул аргумент менен ынандыра алдыңызбы?

Салянова: Тергөөчү билет, анткени, адвокат мындай мыйзамсыз ишти токтоткула, кыскарткыла деп прокуратурага, тергөөчүгө кайрылып, талап кылып атат. Бирок, реакция жок.

“Азаттык”: Текебаев маалымат жыйынында сизди лицензиясын узартып, процедуралык ката кетирди деп айтты. Сиз өзүңүз чын эле кандайдыр бир ката кетирип койдум деп ойлобойсузбу?

Салянова: Жаңылып атпасам Өмүрбек Чиркешевич, эгер процедуралык ката кетип калса, ал дисциплинардык гана чара болот, кылмышка жатпайт деген. Бирок менден бул жерде процедуралык да ката кеткен эмес.

“Азаттык”: Сиз саясий боёк бар деп айтып атасыз. Коомчулукта да саясий куугунтукка окшошкон элементтер тууралуу сөз болуп жатат. Кайсы бир тараптын сизге тиш кайрап жатышынын маңызын ачыктап бере аласызбы?

Президент Алмазбек Атамбаев менен экс-прокурор Аида Салянова.
Президент Алмазбек Атамбаев менен экс-прокурор Аида Салянова.

Салянова: Укук коргоо органдары бул маселени билген үчүн 2010-жылдан баштап эле бир нече жолу сураштырышкан. Мен тараптан мыйзам бузуу болсо ошондо эле прокуратура сурамак. Анткен жок, себеби, мыйзам бузуу да, саясат да ал кезде жок болчу. Анан бүгүн эле мыйзамсыз болуп калышы чоң шек жаратат. Ачык эле айтып атам, бул – куугунтук. Тек гана каралоо, коркутуу.

“Азаттык”: Эми депутаттык комиссия түзүлдү да. Ошол комиссия кылмыш иштин акыйкат териштирилишине таасир эте алабы?

Салянова: Демилге көтөргөн “Ата Мекен” фракциясынын максаты эле ачыктыкты камсыздоо болчу. Биздин коррупциялашкан мамлекетте ачыктыктан коркот. Депутаттык комиссия ачыкка чыгарса, далилдесе, ал аркылуу парламентте да бул саясатпы же саясат эмеспи деп таразалаган көз караш пайда болот. Коомчулуктун көзөмөлү өтө маанилүү.

“Азаттык”: Башка дагы кошумча дооматтар чыгат деп ойлобойсузбу? Себеби, маалымат каражаттарында сиздин ишмердигиңизге байланышкан көп маалыматтар чыгып атат. Мисалы, вексель иши, күйөөңүздүн “Лексус-470” автоунааны Башкы прокуратурага сатканы, имараттын ремонту, пансионат иштери жана башкалар. Ушулардын кайсы биринен илинчек чыгып калат деп ойлобойсузбу?

Салянова: Эч кандай илинчек чыкпайт. Анткени, мен өзүмө ишенем. Мыйзамды бузган жокмун. Канча аракет кылышпасын, мына бул Елисеев иши сыяктуу эле алардан да эч нерсе чыкпайт. Адамдардын убактысы текке кеткенине гана зээним кейийт.

Вексель деп атасыз, ал боюнча соттун чечимдери бар. Экинчиден, үтүр-чекити эсимде жок, бирок, бул векселдерге казактардын банкы кепилдик берсе гана баа болмок экен, андай жок болгондон кийин муну жөн эле кагаз деп атышат. Сот, тергөө органдары териштирсин. Автоунаа жөнүндө айттыңыз. Бул маалыматты да акыркы күндөрү таратып атышат. Автоунааны, мен билгенден, орус улутундагы адам саткан. Аны таап, Салянованы, күйөөсүн билесиңби, ишиң болгонбу деп сураса эле туурасы чыгарын булар билет. Ошон үчүн гезиттерге жамынып, ушундай маалыматтарды чыгарып жатышат. Менин ушул бизнес менен алектенген туугандарым бар, бирок, мен аларга атайын жологон эмесмин.

“Азаттык”: Буга чейин күйөөңүзгө, эми өзүңүзгө иш козголду. Сиз саясат бар деп атасыз. Андай болсо бул президенттин айланасындагы топтордун кызыкчылыгыбы же президенттин жеке кызыкчылыгы барбы?

Салянова: Аз убакыт болсо президенттин айланасындагылар эле жасап атат деп ойломокмун. Бирок, көп убакыт өтүп, талдоо мүмкүнчүлүгү түзүлсө деле жыйынтык болбой аткандан кийин, президенттин өзү ушундай кырдаалга кызыкдар деп ойлойм. Сиз мени, жолдошумду эле айтып атасыз. Атамдын бир тууганын да каралап келатышпайбы. Адвокат эки айдан бери материалдарды ала албай жүрүп, “Занозага” (zanoza.kg – ред.) чыккандан кийин бере башташты. Эмнеден качат? Булардын максаты – каралоо. Эртеби-кечпи, мунун артында ким турат – билинет . Убал-сооптон коркуш керек. Бирөөнүн өлүмүнө бирөөнү күнөөлөп аткан адам андан бетер жазасын алат.

“Азаттык”: Өзүңүзгө козголгон кылмыш ишти эмнеден көрөсүз? Сиз өзүңүз социалдык тармактар аркылуу күйөөңүзгө козголгон кылмыш ишке комментарий берип жатып, Бишкек жылуулук борборуна ташылып келген көмүр чатагына байланыштуу иштин артында, керек болсо, президенттин өзү турат деп жаздыңыз эле. Мына ушул ой-пикириңиз таасир эткен жокпу? Президент менен араздашуунун башы көмүр чатагына байланыштуу эмеспи?

Салянова: Сөзсүз таасир этти. Анткени, кылмыш иши ошол пост жарыялангандан көп өтпөй эле козголду. Бирок, жалгыз эле андан көрбөйм. Анткени, парламентте референдумга каршы чыккан аз адамдын бири мен болдум. Негизи атайын даярдалган каралоо компаниясы мен кызматтан кеткенге чейин эле башталган. Мисалы, Артыкбаев (мурдагы энергетика, өнөр жай министри – ред.) боюнча текшерүү иштерин баштайын деп атканда эле мени жумуштан алуу аракеттери башталды да. Артыкбаевдин өзүн болсо мен Артыкбаев ушул компанияларды өткөргөнгө аракет кылып атыптыр деп айткандан кийин иштен алды да. Кийин депутат болуп келип отуруп калды, эки адам бири-бирин түшүнүшүп алса керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыр эми сизге карата кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Ушуга байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетет экен деген сөздөр айтылып жатат. Негизи ушул кылмыш иши кандай аяктайт деп ойлоп атасыз. Ички туюмуңуз кандай?

Салянова: Негизи ички туюмдарга негизделип жашаган адамдарга кирбейм. Суракка чакырылып атканда да камайт экен деген маалыматты байма-бай таратышты.

“Азаттык”: Камап коюшу мүмкүнбү?

Салянова: Мыйзам боюнча мүмкүн, Кылмыш кодексинин 304 деген оор беренесин коюп атса, толук мүмкүн. Бөлөк маселе - кылмыш иши мыйзамдуубу-мыйзамсызбы? Бул жөнүндө кеңири сүйлөштүк жогоруда. Экинчи маселе, камалат деп коркутуп койсок качып кетет, качып кетсе, мына күнөөлүү болгон үчүн качып кетти деп айтканга аларга өтө ылайыктуу. Бирок, мен качпайм. Мен бийликке андай мүмкүнчүлүк, ырахат бербейм. Мен мыйзам көрсөткөн бардык мүмкүнчүлүктөрүмдү пайдаланып, мыйзам алдында ак экенимди, так экенимди далилдейм.

Салянова: Качпайм. Акмын. Такмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:36 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG