Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:05

Нарында "Финка" банктын мурдагы кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Нарын шаарындагы митинг. 24-июль, 2017-жыл.

Бүгүн он чакты киши "Финка" банктын Нарын шаарындагы филиалынын алдында нааразычылык акциясын уюштурду. Алар буга чейин аталган банкта иштеп, бирок убагында бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөр берилбей калганын айтышып, банк мурдагы кызматкерлеринин үнүн укпай жатат деп нааразылык билдиришти. Акциянын уюштуруучусу Динара Сарбаева аталган банк Эмгек кодексин бузганын билдирди:

- Бул банкта 2001-2010-жылдары иштедим. Ошол убакта жылына 28 күн эмгек өргүүсүн алчубуз. Бирок мыйзам боюнча бийик тоолуу аймакта иштегендерге 40 күн берилиши керек экен. Мындан сырткары маянабызга да кошумча төлөм берилчү эмес. Адвокатыбызга мыйзам боюнча эсептеттирсек алдыбыз бир миллион сомго чейин аласа экенбиз. Биз азыр сотко кайрылдык, бирок сот деле банкка тартып атат.

Чогулгандар банктын жетекчилиги менен жолугуп, 15-августка чейин төлөнбөй калган айлыктарын эсептеп берүүнү талап кылышты. Эгерде ал аткарылбаса ачкачылык жарыялайбыз деп эскертишти.

Нарында буга чейин дарыгерлер өкмөттүн бир ставкадан ашык иштегендер үчүн жеңилдикти алып салуу чечимине каршы акцияларга чыгышкан. Быйыл жыл башында бул жеңилдиктер кайра берилген. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG