Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:37

Таш-Көмүр шаардык кеңеши мэр шайлай албай жатат


Таш-Көмүр шаары.

Жалал-Абад облусуна караган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары экинчи ирет мэрди шайлай албай жатышат. Алар бир пикир таба албай жатканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кайра тароо алдында турганын Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Токтомамат Тургунбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссиясы мындай абал тууралуу БШКга кабарлады:

- Эми алардан жооп күтүп жатабыз. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдын 46-беренесине ылайык шаардык кеңеш таратылышы керек, - деди Тургунбаев.

Быйыл 28-майда шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо “Ата-Журт”, “Республика”, “Мекеним Кыргызстан”,, “Өнүгүү Прогресс”, “Таш-Көмүр жаштары” жана КСДП жеңишке жетишкен. Мурунку чакырылыштын депутаттары да мэр шайлоодо бириге албай, 2017-жылдын апрель айында мөөнөтүнөн мурда таратылган болчу.

Жаңы шайланган шаардык кеңеште да мэр шайлоого байланыштуу талаш чыккан, 21-июлда экинчи жолку шайлоо өтүп, бирок анда да орток пикирге келе алышкан жок. (RsK)

XS
SM
MD
LG