Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

Түркияда "терроризмге" айыпталган журналисттердин соту башталат


"Жумхуриет" гезитинин журналисттеринин көбү өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Бүгүн (24-июлда) Түркиядагы оппозициячыл гезиттин "терроризмге" айыпталган 17 кызматкеринин соту башталат. "Жумхуриет" гезитинин журналисттеринин жана менежерлеринин үстүнөн башталган сот иши Түркиядагы сөз эркиндиги боюнча эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты. Эгер алар күнөөлүү деп табылса, айрымдары 43 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Жумхуриеттин" кызматкерлерине "мамлекеттик сырларды ачыктаган, "гүлен кыймылы" менен ыктымал байланышы бар", "террордук топторго, анын ичинде Күрт жумушчулар партиясына көмөк көрсөткөн" деген сыяктуу кинелер тагылууда.

Биргелешип жасаган билдирүүсүндө укук коргоо уюмдарынын тобу бул сот иши "оппозициячыл "Жумхуриет" гезитинин оозун жабууга багытталганын" билдиришти.

Журналисттердин укугун коргоо менен алектенген P24 уюмунун маалыматына ылайык, учурда Түркиянын абактарында 166дай журналист бар. Алардын көбү былтыркы төңкөрүш аракетинен соң камакка алынган. Президент Режеп Тайып Эрдоган болсо ушул айдын башында жасаган билдирүүсүндө Түркияда камакта эки гана журналист бар деп айткан.

2016-жылдын июль айында болгон бийликти төңкөрүү аракетин уюштурду деп расмий Анкара АКШда бозгунда жүргөн түрк тектүү диниятчы Фетхулла Гуленди айыптап келет, ал өзү мындай дооматтарды ар дайым четке кагат.

Расмий Анкара былтыр Кыргызстандын бийлигинен да өздөрү "гүленчи" дегендердин өлкөдөгү агартуу мекемелерин жабуу сунушун билдирген.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 24-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркиянын бийлигинин таарынычы Кыргызстандын мурдагы “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирди. Аталган мекеме мыкты билим берип келгендигин, андыктан ал жабылбастан, реформаланганын, кыргыз мамлекети анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн, бул мекеменин окутуучуларынын гүленчилерге эч тиешеси жоктугун президент А.Атамбаев айрыкча белгиледи.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG