Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Өспүрүм балбандар Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты


Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону Нуртазин Керимберди. 21-июль, 2017-ж. Бангкок. Таиланд.
Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону Нуртазин Керимберди. 21-июль, 2017-ж. Бангкок. Таиланд.

Кыргызстандын өспүрүм балбандары спорттук күрөш боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатынан бир алтын, үч күмүш жана жети коло байгенин ээси болушту. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, грек-рим күрөшү, кыздар жана эркектердин эркин күрөшү боюнча Азия чемпионаты 20-июлдан 23-июлга чейин Таиланддын Бангкок шаарында өттү. Мелдеш жыйынтыгында чемпиондук наамды грек-рим күрөшчү Нуртазин Керимберди (50 кг.) алды.

Күмүш медалдарды грек-рим күрөшүнүн балбандары Байэл Сатиев, Мустафа Гасанов жана кыздардын эркин күрөшүнөн Нураида Анаркулова (-56 кг.) тагынды. Коло байгелерди грек-рим күрөшчүлөр Марлен Асикеев (-58 кг.), Аслан Тойчуев (-63 кг.), Акылбек Талантбеков (-76 кг.), Данияр Шеримбеков (-85 кг.), эркин күрөшчүлөр Бекзат Алмаз уулу (-42 кг.), Каныбек Абдулкаиров (-76 кг.) жана Фарход Тешебаев (-100 кг.) алды.

Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 13 команданын арасынан 3-орун, кыздардын эркин күрөш боюнча командасы 11 өлкөнүн ичинен тогузунчу жана эркин күрөш боюнча эркектер арасында улуттук курама команда 19 өлкөнүн арасынан алтынчы орунду ээледи. (ECh)

XS
SM
MD
LG