Оштун EREM футзал клубу клубдар арасындагы Азия чемпионатынын тайпалык тандоо этабынын акыркы оюнунда Австралиянын чемпиону "Вик-Вайперс" клубун 0:1 эсебинде жеңип алды. Оюн бүгүн, 24-июлда Вьетнамдын Хошимин шаарында өттү.
Оюндагы жалгыз голду биринчи таймдын аяктарына саналуу секундалар калганда Адилет Култаев киргизди.
Азия чемпионатынын тайпалык тандоо оюндарында «EREM» клубу А тобунда Вьетнамдын «Тай Сон Нам», Бириккен Араб Эмирлигинин «Аль-Дафра» жана Австралиянын «Вик-Вайперс» клубу менен ойноду. Алгачкы беттешинде вьетнамдык клубду 4:5 эсебинде уткан. Экинчи турда «Аль-Дафра» клубуна 4:0 эсебинде жеңилген.
Австралиянын чемпионун утуп алгандан кийин «EREM» клубу алты упай менен турнирдик таблицада үчүнчү орунду ээледи.
Бүгүн «Вик-Вайперс» менен «EREM» клубунун оюнунан кийин, үчүнчү турдагы акыркы оюнда «Тай Сон Нам» жана «Аль-Дафра» клубдары беттешип, 2:0 эсебинде вьетнамдыктар жеңишке жетишти.
Тайпалык тандоо оюндарынын жалпы жыйынтыгында алтыдан упай эсебине жазышкан «Тай Сон Нам» жана «Аль-Дафра» клубдары голдордун эсеби боюнча чейрек финалга жолдомо алышты.
Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпонаты 30-июлга чейин уланат. (ECh)