Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Азербайжанда оппозициялык саясатчы эркинен ажыратылды


"Азербайжандын элдик фронту" партиясынын мүчөсү Фаиг Амирли.
"Азербайжандын элдик фронту" партиясынын мүчөсү Фаиг Амирли.

Азербайжандагы алдыңкы оппозициячыл саясатчылардын бири үч жылга абакка кесилди. Баку шаарынын Сабаил райондук соту оппозициядагы "Азербайжандын элдик фронту" партиясынын мүчөсү Фаиг Амирлини "диний кастыкты козуткан", "диний ырым-жырымдарды өткөрүү менен адамдардын укугун бузган" деп тапты.

"Азадлыг" гезитинин жетекчиси кызматын да аркалап келген Амирли сотто ага коюлган айыптардын баарын четке какты. Анын адвокаттары соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышарын "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Амирли 2016-жылдын август айында камалган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал өз үйүндө АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы Фетхуллах Гүлендин китептерин сактап жүргөн.

Гүленди расмий Анкара өткөн жылкы бийликти төңкөрүү аракетине айыптаса, диниятчы өзү бул дооматты четке кагып келет. Баку төңкөрүү аракетинен соң Режеп Тайип Эрдоганга айныксыз колдоо көрсөтөрүн ишара кылган. Азербайжандык жана эл аралык укук коргоочулар Гүлендин тарапташтарына каршы жүргүзүлүп жаткан түрк бийликтеринин аракеттерин Бакуда Азербайжан өкмөтүнүн каршылаштарына колдонуп жатканын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG