Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

"Лигласс" ишканасын Кыргызстанга чех президенти Земан сунуштаган


Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик. 21.7.2017.
Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик. 21.7.2017.

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон "Лигласс Трейдинг" ишканасын Кыргызстанга чех президенти сунуштаган.

Бул тууралуу Чехиянын президенти Милош Земан 24-июлда чех радиосуна курган маегинде айтты. Ал "Лиглас Трейдинг Си-Зет" (Liglass Trading CZ) компаниясын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Астана шаарындагы "Экспо-2017" көргөзмөсүнүн ачылышы маалындагы жолугушууда өзү сунуш кылган. Милош Земандын сөзү боюнча, ал ар бир андай жолугушууда чех фирмаларын сүрөөнгө алат. Анын айтымында, Өнөр жай жана соода министрлиги чех фирмалары ишенимдүү экенин маалымдаса, андай компанияларды сүрөөнгө алууга болот. Президент Земан фирма тууралуу кенен билбестигин да кошумчалады.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган.

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Кыргызстандагы НЭСтердин курулушу тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте Кыргыз өкмөтү менен аталган компаниянын өкүлдөрү кол койгон.

Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компаниянын ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

Кыргызстандын президенти А.Атамбаев "Азаттык" обого алып чыккан бул маектин мазмунуна канааттанганын 24-июлда билдирип, бул компания үзүрдүү иштеп кетиши ыктымалдыгын, эгерде ал өзүнө коюлган шартты аткарбаса, анда келишимди токтотууга жана жаңы инвесторду издөөгө мүмкүндүк бар экендигин белгилеген. ​(AA/ZKo)

XS
SM
MD
LG