Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Коалиция: Суражылоого катышкандардын 67,5% көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну колдобойт


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 67, 5% ишкерлеринин көп аялдуулукка уруксат берүүсүн колдобойт.

Ал эми дээрлик үчтөн бири - 27,3 пайызы жакындарынын жана тааныштарынын арасында эки же андан көп никеси бар экенин билдирген. Коалициянын маалыматы боюнча, сурамжылоо көп аял алууну мыйзамдаштырууга коомчулуктун көз карашын аныктоо максатында жүргүзүлгөн.

Маалыматтарга ылайык, жакындары же тааныштары эки же андан көп аялы бар экенин айткан респонденттердин 30% элетте, 22,8% шаарда жашагандар болгон.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 15,9% гана бирден ашык аял алган эркектер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билишсе, калгандары бул тууралуу маалыматы жок экенин айтышкан. Кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалыматы жоктор көбүнчө Ош, Нарын жана Баткен облусунун тургундары болгон.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы эки же андан көп аял алуу коомчулукта көнүмүшкө айланып баратканын белгилейт.

Өткөн айда айрым диниятчылар Кыргызстанда эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүшүп, бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG