Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

ММК: Трамп баш прокурорду алмаштыруусу ыктымал


Жефф Сешнс
Жефф Сешнс

Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты. Америкалык Axios сайты АКШ президенти баш прокурорлук кызматка Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулианды дайындашы ыктымалдыгын маалымдайт.

Азыр баш прокурорлук кызматты Жефф Сешнс аркалайт.

The New York Times гезити президент Трамп Сешнсти баш прокурор кылып дайындаганына "өкүнүп жатканын" жазды. Гезитке курган маегинде Трамп эгер Сешнс АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкенин иликтөөдөн баш тартарын билсе, эч качан аны бул кызматка дайындабасын билдирген.

Мурдараак Сешнс Трамптын сындаганына карабай, баш прокурорлуктан кетпей турганы айтылган.

Жефф Сешнс март айында АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкенин иликтөөдөн баш тарткан. Бул чечимин ал маалымат каражаттарынын кысымына байланыштырган. Гезит, телеканалдар Сешнсти Орусиянын АКШдагы мурдагы элчиси Сергей Кисляк менен жолугуп жүргөнүн аныктап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG