Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Пакистандагы жардырууда набыт болгондор 25ке жетти


Пакистандагы жардыруу. 24-июль, 2017-жыл
Пакистандагы жардыруу. 24-июль, 2017-жыл

Лахордогу жардырууда набыт болгондордун ичинде он полициячы бар. Дагы 50 киши жарадар болду. Пакистан полициясы оор жараат алгандар көп экенин белгилеп, мындан улам өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын билдирди.

Жардырууга жоопкерчиликти талиптер алышты.

Жанкечти согушкер мотоцикл менен базарга келген. ИИМ негизги бута базардагы полиция кызматкерлери болгонун айтууда.

Мурдараак Кабулда жанкечти согушкерлер отурган автоунаа жарылып, 40 чакты жай тургун набыт болгон. Дагы 40 киши жарадар болгон. Бул жардырууга да талиптер жоопкерчилик алышкан.

XS
SM
MD
LG