Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Боомдогу жол кырсыгы бир кишинин өмүрүн алды


Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 20-июль, 2017-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 20-июль, 2017-жыл.

Бишкек-Торугарт жолунда, Боом капчыгайында 24-июлда болгон жол кырсыгынан төрт адам жараат алган. Алардын бири каза тапканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жараат алгандардын бирине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Экөө Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Биринин абалы оор.

Кыргызстан жол кырсыгы эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 3800дөн көбү түрдүү жараат алды.

XS
SM
MD
LG