Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Шыкмаматовдун соту 1-августка жылды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Кыргызстандын борбору Бишкектеги Биринчи Май райондук соту бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин кароону 1-августта улантууну чечти. Буга Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакупбекованын жараянга келбей калганы себеп болду. Мындан улам башка жактоочулар сотту жылдыруу өтүнүчүн келтиришип, ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу аны канааттандырды.

Жакупбекова айым Алмамбет Шыкмаматовдон тышкары "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин жана ушул эле оппозициячыл партиянын өкүлү, депутат Аида Салянованын да адвокаты. Өткөн аптада сот жүрүмдөрүнүн биринде адвокат айым сыркоолоп калып, дарыланып жатканы айтылган.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш автоунаанын арасында депутаттын жубайына катталган, баасы ашыкча жогорулатылган деп шектелген автоунаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана А.Шыкмаматовдун өзү бул сот жүрүмдөрүн оппозициячыл депутатка каршы саясий куугунтук катары баалап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG