Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Кыргызстан: Президент болом дегендердин саны 37ге жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 24-июлда Кыргызстан коммунисттер партиясы президенттик кызматка талапкер катары парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиевди көрсөтүү боюнча чечимин тапшырды.

Аталган партия 22-июлундагы ХI кезексиз курултайында жогоркудай чечимге келгени белгилүү болду.

Ушуну менен президенттик жарышта ат салышуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазгандардын саны 37ге жетти. Алардын отузу өзүн өзү көрсөткөн, жетөө саясий партиялар тарабынан сунушталган. Президенттикке талапкер болууга өз ниетин билдирип, бирок БШКга арыз тапшыра электер да бардыгы айтылууда.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG