Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Иранда үй камагындагы диниятчы ооруканага түштү


Мехди Карруби
Мехди Карруби

Иранда оппозициячыл диниятчы Мехди Карруби жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага түштү. Анын уулу Мухаммад Тагхи Карруби атасынын саламаттыгынын начарлашына анын үй камагында кармалганы себеп болгонун "Азаттыктын" Иран редакциясына 24-июлда билдирди.

Кезинде парламенттин спикери болгон Карруби жана анын жубайы расмий айып тагылбаса да 2011-жылдан бери үй камагында. Диниятчы март айында да кыска убакытка ооруканага жатып чыккан. Бийлик Каррубини исламдын жана революциянын принциптерине шек келтирген деп күнөөлөп келет.

Карруби 2009-жылдагы талаштуу президенттик шайлоо жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча бийлик өкүлдөрүн кескин сындап келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу оппозициячыл саясатчыны бошотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG