Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Текебаевдин тарапкерлери БШК алдына чогулду


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында чогулушту.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, 50гө жакын адам БШКдан Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшыруусун камсыздоону, сотко тиешелүү билдирүү жиберүүнү талап кылышууда.

Азыр топтолгондордун ичинен алты киши БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев менен жолукканы кирип кетишти.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча жараян учурунда адвокат Канат Хасановдун камактагы депутаттын эртеңки сынакка катышуусун камсыздоо өтүнүчүн четке каккан.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырышкан. Биринчи болуп 16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну, "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов арыз берген.

Мамлекеттик тил комиссиясы "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак берүү мөөнөтүн 26-июлга белгилеген. (NT)

XS
SM
MD
LG