Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Ноокен: чек арада жашаган 50дөй үй-бүлө көчүрүлө элек


Ноокен районунун Чек айылы.
Ноокен районунун Чек айылы.

Ноокен районунун Өзбекстан менен чектеш Чек айылынан 32, Бостон айылынан 22 үй-бүлөнү көчүрүү үчүн жер тилкеси жана каражат маселеси чечилбей жатат. Бул тууралуу райондун Момбеков айыл өкмөтүнүн жер адиси Бекназар Раманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Аталган турак жайлар чек ара тилкесине жакын жайгашкандыктан аларды артка жылдыруу боюнча өзбек тараптан жергиликтүү бийликке билдирүү берилген. Учурда аларды жаңы жерге көчүрүү үчүн трансформациялоо иштери бүтпөй турат. Ошол эле учурда компенсация маселеси да чечиле элек деди Раманкулов.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариева учурда чек араны делимитация жана деморкациялоо иштери уланып, такталган тилкелерде көчүрүү иштери жүрүп жатат деп билдирди. Мыйзам боюнча эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгынан турак жайлар 50 метр алыс жайгашышы керек. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 324 чакырымы такталып бүтө элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG