Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Сузак акими кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду


Сузак районунун акими, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдумуктар Маматов менен райондук сот аткаруучулар кызматтык башкармалыгынын бөлүм башчысы Динислам Кожоакматовго карата козголгон кылмыш иш боюнча сот өкүмү чыкты. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Маматов жана Кожоакматовго Кылмыш жана жаза кодексинин (шалаакылык) беренеси боюнча козголгон ишти райондук сот карады. Судья кылмыштын курамы жок жана мөөнөтү өтүп кетти деген негизде аларды жазадан бошоткон.

Мындан сырткары райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоочусу ушул эле иш боюнча 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга шартуу кесилди.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы былтыркы жылы Сузак районунун Дмитриевка айылындагы Кадыржан Батыровдун үйүнүн Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилиши боюнча жогорудагы үч кызматкерге кылмыш ишин козгогон.

2011-жылы Кадыржан Батыровдун бардык мүлктөрүн мамлекеттин карамагына өткөрүп жатканда жогорудагы үйү жашырылып, киргизилбей калган деген күнөө коюлган. (RsK)

XS
SM
MD
LG