Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Вашингтон Украинага курал жөнөтүү маселесин караштырууда


Курт Волкер
Курт Волкер

Расмий Вашингтон орусиячыл жикчилдер менен күрөшүп жаткан Украинага курал жөнөтүү маселесин караштырууда. Бул тууралуу АКШнын украин чыгышындагы жаңжалды токтотуу аракеттерин жетектеген атайын чабарманы Курт Волкер Би-Би-Сиге маегинде билдирди. Ал украин армиясын курандандыруу Москванын аракеттерин токтотушу мүмкүндүгүн айтты.

"Коргонуучу куралдар, Украинага өзүн коргоого мүмкүнчүлүк бергендери, маселен танкалар чынында Украинаны коркуткан Орусияны токтотмок",-деди Волкер 25-июлда жарыяланган интервьюда.

Курт Уолкер бул кадамды чагымчыл аракет деп мүнөздөбөй турганын белгилеп, Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу үчүн Москва менен жаңы стратегиялык диалогго зарылчылык бар экенин кошумчалады.

АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси болгон Уолкер 23-июлда Украинанын чыгышына барып келген. Ал тапта Франция, Германия, Украина жана Орусия аймактагы тынчтык келишимин ишке ашыруу үчүн бир канча "чукул чараларды" макулдашканы белгилүү болду.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG