Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Экс-депутат Самаковдун ишин караган судья алмашты


Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караган жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишти караган судьясы алмашты. Бул иш боюнча парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаков менен кошо "Бир Бол" фракциясынан депутат, экс-премьер-министр Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер Искендер Айдаралиев айыпталууда. Самаковдун жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, бүгүн сот өкүмү жарыяланышы күтүлүп жаткан. Бирок ишти карап жаткан судья Чыңгыз Адамкуловдун саламаттыгына байланыштуу материалдар судья Дамирбек Назаровго өткөрүлүп берилди. Эми ишти Назаров териштире турган болду. Кийинки жараян 4-августка белгиленди. Буга чейин сот отуруму судьянын ооруп калганынан улам артка жылып келген.

Мурунку сотто мамлекеттик айыптоочулар Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялап,19 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сураган. Бишкектин айланасындагы жер тилкелерин бөлүүгө катышы бар деп мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди 11 жылга камоону суранган.

Ал эми мурдагы бийлик ээлери Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевди 18 жылга, Арстанбек Ногоевди 11 жылга эркинен ажыратуу сунуш кылынган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши мурдагы жылы 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG