Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Текебаевдин адвокаты коомчулукка видео кайрылуу жолдоду


Адвокат Канатбек Хасанов социалдык тармактарга жарыялаган видео-кайрылуусунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жарандык укугу тебеленип жатат деп бекемдейт. Анын айтымында, Текебаевдин Конституцияда кепилденген шайлануу укугу бузулууда:

- 26-июль күнү саат 10:00-12:00 Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышуучулардын катарында мамлекеттик тил сынагына катышууга тийиш. Бирок ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурганына байланыштуу мен сотко өтүнүч келтирип, Текебаевдин тил сынагына катышуусун камсыздап берүүсүн жана ага паспортун кайтарып берүүсүн сурадым. Бирок сот Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчүмдү канааттандыруудан баш тартты.

Адвокат Өмүрбек Текебаев Баш мыйзам тарабынан кепилденген "шайлануу укугунан" соттун чечими менен ажыраганын белгилөөдө.

Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары тил сынагына катышуусун камсыздап берүүсүн талап кылган тарапкерлери 25-июлда БШКнын алдына чыгышкан.

БШКга президенттик кызматка арыз бергендердин арасында камактагы эки саясатчы бар. Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров кыргыз тил сынагынан кандай тартипте өтөрү аныктала элек. Боршайком расмий арыз берген талапкерлердин тизмесин "Кыргызтестке" жибергенин билдирүүдө.

Президенттикке арыз бергендер үчүн “Кыргызтест” 26-июлда башталат. Өмүрбек Текебаев да ушул күнү тил боюнча сынак тапшырышы керек.

Сынакка катышкандар мыйзамга ылайык, 60 пайыздан жогору балл алып, жок эле дегенде комиссиянын “ортодон жогору” деген баасына татышы зарыл.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG