Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Орусия: талаштуу интернет мыйзамы президентке жөнөтүлдү


Москвада 23-июлда өткөн жүрүш
Москвада 23-июлда өткөн жүрүш

Орусиянын Федерация Кеңеши интернеттеги купуялуулукту чектеген мыйзам долбоорлорун жактырып, аларды президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөттү.

Парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума "Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөрдү 21-июлда колдогон.

Мыйзамга ылайык, Орусияда жарандар өзү тууралуу ачык маалымат бербесе, кыска билдирүүлөрдү алмашуу кызматтарын (мессенджер) колдоно алышпайт. Ошондой эле бөгөттөлгөн сайттарды ачып берген анонимайзерлерди же VPN сайттарды колдонууга да болбойт.

Эгер президент кол койсо, мессенджерлерди чектеген документ 2018-жылдын 1-январында, ал эми анонимайзерлерге тыюу салган өзгөрүү 2017-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирет деп белгиленген.

Жекшембиде Москвада 800дөй активист "Интернеттеги эркиндик үчүн" деп аталган жүрүшкө чыгып, онлайн купуялуулукту чектеген соңку өзгөрүүлөргө нааразылык билдиришкен.

XS
SM
MD
LG