Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

АКШ флоту Ирандын кемесине эскертүү иретинде ок атты


Перс булуңундагы АКШ кемеси
Перс булуңундагы АКШ кемеси

Перс булуңунун түндүгүндө АКШ флотунун күзөт кемеси Ирандын кемесин көздөй эскертүү иретинде ок чыгарды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү 25-июлда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ирандын кемеси АКШ флотуна 140 метрдей жакын келген. Ал кеме менен байланышууга мүмкүн болбогону үчүн Америка тарап бир нече жолу эскертүү иретинде ок аткан. Андан соң ирандык кеме артка кайткан.

Өткөн аптада Ирандын "Революция сакчылары кеңеши" Вашингтондон Перс булуңундагы базаларын башка жакка жылдырууну талап кылып, мындай чара Тегеранга каршы киргизилген жаңы санкциялардан кийин ыктымал карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн керектигин билдирген. АКШ расмий Тегерандын мындай талабын четке каккан.

18-июлда президент Дональд Трамптын администрациясы Тегерандын баллистикалык ракеталар программасына байланыштуу Иранга жаңы санкцияларды жарыялаган.

XS
SM
MD
LG