Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

БШК жумушчу тобу Текебаевдин маселесин талкуулап жатат


Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагына катышуусун камсыздоону талкуулап жатат. Бул тууралуу БШКдан ырасташты. Маалыматка караганда, беш кишиден турган жумушчу топ 25-июлда бул маселени талкуулаган, бүгүн анын жыйынтыктары каралууда.

Азыр БШК имаратынын алдында Текебаевдин тил сынагына катышуусун талап кылган отуз чакты адам турат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы жумушчу топтун талкуусу жабык өтүп жатканын кабарлады.

Кечээ Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан.

Президенттик шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн арасында тергөө абагында жаткан дагы бир талапкер - Садыр Жапаров да бар. Азырынча анын да мамлекеттик тил сынагына кантип катышары белгисиз. Мамлекеттик тил комиссиясы алгачкы арыз берген төрт талапкерди, анын ичинде Текебаевдин кыргыз тилинен сынак берүү мөөнөтүн 26-июлга белгилеген.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери Өмүрбек Текебаевдин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырышкан. Биринчи болуп 16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну, "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов арыз жазган. (NT)

XS
SM
MD
LG