Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Степное айылында жаштар арасында ок атышуу боюнча жалпы 28 адам кармалып, алардын экөө камакка алынды.
Калганы суракка алынгандан кийин кое берилгенин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кармалган эки киши ок аткан деп шектелип жатат.
Жаштардын ортосундагы жаңжал 22-июлда башталган. Ал күнү Степное айылында кыз узатуу болуп, жергиликтүү жаштар күйөө баланын досторун "арак куйгула" деп мажбурлашкан. Алар каршы болушуп, эртеси тараптар териштирүүгө чогулушкан жерде ок чыгып, андан беш адам жеңил жараат алган. Учурда "ээнбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (NT)