Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Темир Сариев мамлекеттик тил боюнча тесттен 81,8 балл алды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мамлекеттик тил комиссиясы билдиргендей, бүгүн президенттик кызматка талапкерлердин кыргыз тили боюнча сынагында "Ак шумкар" саясий партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев 81,8 балл алды. Ал тестти белгиленген убакыттан эрте тапшырып, сынактан өттү деп табылды.

Талапкерлердин сынагы бүгүн башталды. Арыз бергендердин иретине карап түзүлгөн жадыбал боюнча, бир күндө төрт талапкер сынак берет. Бүгүн "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, "Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Аурдин" компаниясынын ээси Арстанбек Алайдын тестирлөөдөн өтүшү белгиленген. Мамлекеттик тил комиссиясы Нышанов да сынактан 74,15 балл менен ийгиликтүү өткөнүн кабарлады. Арстанбек Алай тест тапшырууда.

Өмүрбек Текебаев камакта экенине байланыштуу сынак тапшыра алган жок. БШК "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин Текебаевдин мамлекеттик тил сынагына барышын камсыздоо өтүнүчү тууралуу билдирүү таратып, аларга бул маселени сот аркылуу чечүүнү сунуштады. (NT)

XS
SM
MD
LG