Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

Роухани: АКШ жаңы санкцияларды кабыл алса, Иран жооп кайтарат


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани эгер Кошмо Штаттар санкциялардын жаңы айлампасы боюнча мыйзам долбоорун кабыл алса, Тегеран жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы мамлекеттик IRIB телеканалына 26-июлда курган маегинде айтты.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, Ирандын баллистикалык ракета боюнча программаларына катыштыгы бар адамдарга жана алар менен кызматташкандарга санкциялар киргизилет. Ошондой эле "Револиция сакчылары" корпусу террористик уюм деп табылат.

Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун 25-июлда жактырды, эми ал Сенатка добуш берүүгө жөнөтүлөт.

Иран расмийлеринин айтымында, бул мыйзам долбоору 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда келишилген макулдашууга карама-каршы келет. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Тегеранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар жоюлган.

Мыйзам долбоорунда Орусия жана Түндүк Кореяга каршы да жаңы санкциялар каралган.

XS
SM
MD
LG