Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Евробиримдикте Москвага каршы жаңы санкциялар макулдашылды


Siemens компаниясынын газ турбиналары.

Евробиримдикте Москва аннексиялап алган Крымга Siemens немис концернинин турбиналарынын жеткирилишинен улам Орусияга каршы санкцияларды киргизүү макулдашылды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Рикард Йозвак билдирди.

"Кара тизмеге" үч компания жана төрт Орусиянын жараны киргизилет. Жаңы чектөөлөрдү эми Еврокеңеш бекитиши зарыл. Мурдарак Рейтер агенттиги тизмеге Энергетика министрлигинин аткаминерлери жана турбиналарды Крымга мыйзамсыз жол менен жөнөтүп жиберген компания өкүлдөрү киргизилерин жазган.

21-июлда Siemens компаниясы мамлекетке тиешелүү орус компанияларына газ турбиналарын жеткирүүнү токтоторун билдирген. Немис концерни төрт газ турбинасын 2016-жылдын жайында Краснодар аймагына жеткиргенин, кийин алар мыйзамсыз жол менен аннексияланган Крымга жөнөтүлгөнүн ырастаган.

11-июлда Siemens орусиялык өнөктөш компанияларына каршы доо арыз менен Москванын Арбитраждык сотуна кайрылган. Концерн Крымдагы турбиналарды артка кайтарууну талап кылууда. Ал эми Кремл болсо Крым жарым аралында Орусияда чыгарылган тетиктерден куралган орусиялык турбиналарды орнотуп жатышканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG