"Болотная иши" боюнча камалган Дмитрий Ишевский Ярослав облусундагы №1 түрмөдөн эркиндикке чыкканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы маалымдады.
Ишевский Москванын Замоскворецкий соту тарабынан үч жыл эки айга кесилген.
Тергөөнүн версиясы боюнча ал 2012-жылдын 6-майында Москвадагы Болотная аянтында болгон оппозициянын жүрүшүндө полиция кызматкерлерине каршы ар кандай буюмдарды ыргыткан. Анда жалпысынан 400дөй адам кармалып, жыйырмадан ашууну кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Дмитрий Ишевский ага тагылган айыпты мойнуна алган.
Ишевский жаза мөөнөтүн толук өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.